Тажикстанда нанга ууланып каза болгон 14 соттолуучунун сөгү жерге берилди

Тажикстанда нанга ууланып каза болгон 14 соттолуучунун сөгү жерге берилди

Тажикстандын түштүгүндө 7-июлда 14 соттолуучу нанга ууланып каза болгон. Алардлын сөөгү кечээ, 8-июлда  коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта жерге берилди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Алардын тажиясы аз адамдын катышуусунда жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен күч түзүм кызматкерлеринин көзөмөлүндө өттү.

Бийлик өлкөнүн Башкы прокуратурасы бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштаганын билдирди.

Эскерте кетсек, Согди облусунда соттолгон 120 эркек жана 8 аялды үч унаа менен Дүйшөмбү, Нурек жана Яван шаарларындагы колонияга которуу үчүн алып кетип жатышкан. Алар жолдо 6 ирет токтогону айтылууда. Душанбеге жакын жердеги Варзоб районунун Майхура аймагында соттолуучулардын бири жанындагы 19 кишиге үч бөлкө нан бергени айтылат. Аны жегенден кийин 16 адамдын башы айланып, куса баштаган. 5 мүнөттө келген “Тез жардам” экөөнүн гана өмүрүн сактап калууга жетишкен. Калган 14 жаза аткаруучу каза болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>