Тажикстандагы жарылуудан жабыркагандардын саны 39га жетти

Тажикстандагы жарылуудан жабыркагандардын саны 39га жетти

Дүйшөмбү шаарындагы май куючу жайдагы жарылуудан жабыркагандардын саны 39га жетти. Мындай маалыматты “Азия-Плюс” жазды.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комиттетинен билдиргендей, алардын баары №3 медициналык борборго жана “Шифобахш” Улуттук медициналык борборуна жаткырылган.

“Жабыркагандардын жыйырма экисине алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылды. Калгандары дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Төртөөнө операция жасалат, экөөнүн абалын дарыгерлер оор деп балоодо”, — деп кабарланат.

Ар кандай деңгээлдеги күйүктөр менен ооруканага түшкөндөрдүн арасында 25 жаштан 47 жашка чейинки 3 аял бар. Дарыгерлер бирөөсүнүн абалы оор экенин билдирген.

Тажикстандын ӨККсынын маалыматы боюнча, май куючу жайдын ээси 33 жаштагы Эхсонджон Розиков болгон.

Белгилей кетсек, 1-майда саат 19:30да Дүйшөмбү шаарынын Зарафшон кичи районунда май куючу жайында жарылуу орун алган. Өрт мамысы 50 метр бийиктикке жетип, жакын жерде турган үйлөр жабыркаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>