Тажиктер тактала элек жерге тургузуп баштаган курулушун бузууда (видео)

Тажиктер тактала элек жерге тургузуп баштаган курулушун бузууда (видео)

Тажиктер Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги талаш жерге баштаган курлушту бузуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев чек ара кызматкерлерине таянуу менен Фейсбукка жазды.

Ал эми Аскат Осмонов аттуу Фейсбук колдонуучусу тажиктердин курулушту бузуп жаткан видеодосун өзүнүн баракчасына жүктөдү. Андагы видеотасмадан курулуштун пайдубалын эки эксковатор бузуп, аларды жүк ташуучу унаага жүктөп жатканын көрүүгө болот.

Кечээ ,19-августта Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Акрам Мадумаров эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин тажик тарап баштаган курулуштарын кайра бузарын айткан.

Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кечке маал Лейлек районунун Максат айылындагы кыргыз-тажик  чек арасындагы атышуудан жалпы 13 адам жаракат алып, 1 адам каза болгон.

Жаңжалдын чыгышына тажик тараптын чек арадагы тактала элек жерге курулуш ишин баштаганы себеп болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>