Текебаев менен Чотоновдун кийинки соттук отуруму 1-октябрга белгиленди

Текебаев менен Чотоновдун кийинки соттук отуруму 1-октябрга белгиленди

Бүгүн, 12-сентябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти кайра кароо боюнча соттук отурум өтүп, кийинки процесс 1-октябрга белгиленди.

Өмүрбек Текебаев  соттук отурум айрым күбөлөрдүн келбегенине байланыштуу 1-октябрга белгиленгенин айтты. Бирок ал сот кийинки процессттин аралыгын 20 күн кылганынын себебин билбей турганын айтты.

«1-октябрга кийинки соттук отурумду белгилешти. Бирок мен эртерээк болсо деп ойлогом. Мурда ушул эле Биринчи Май райондук сот биздин ишти жумасына 3-4 ирет жана түнкү саат 10, 11ге чейин караган», — деди Текебаев.

Мындан тышкары журналисттер Өмүрбек Текебаевге «учурда ден соолугуңуз кандай?» деген суроо беришти.

Текебаев: «Күнүнө эки маалдан 5-6 таблетка дары ичип жатам. Жүрөк оору коркунучтуураак. Калганы жакшы» деди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>