Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары райондук соттун алдына гүл жана чепкен көтөрүп келишти

Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары райондук соттун алдына гүл жана чепкен көтөрүп келишти

Биринчи Май райондук сотунда башкоргоо чарасы каралып жаткан  Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун тарапташтары гүл жана чепкен көтөрүп келишти.

Алар жашкы «жышаан катары саясатчылар абактан чыкса аларга кыргыздын салты менен алып келген белектерин беребиз» деп үмүт кылышууда.

«Адилетүүлүк орноп, Текебаев менен Чотонов чыгат деп үмүт кылп айылдан келдим. Мен Текебаевдин жердеши болом, буга чейинки отурумдарга жөн гана келип жүрсөк, бүгүн атайын чепкен алып келдим. Чыкса кыргыздын салты менен кийгизем», — деди, өзүн Каныбек Мусаев деп тааныштырган адам.

Ошондой алар “Ата-Мекен” партиясынын башкы кеңсесинде сачсатчыларды тосуп алуу үчүн кызыл килемдер төшөлүп, кызуу даярдыктар жүрүп жатканын айтышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>