Текебаевдин ишин кайра кароо үчүн материалдар Биринчи Май райондук сотуна келип түштү

Текебаевдин ишин кайра кароо үчүн материалдар Биринчи Май райондук сотуна келип түштү

Абактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновко карата козголгон кылмыш ишти кайра кароо үчүн материалдар Жогорку Соттон Биринчи Май райондук сотуна келип түштү. Бул тууралуу РЕПОРТЕР агенттигине райондук соттун басма сөз катчысы Асел  Равшанбекова билдирди.

“Материалдар келип түштү, бирок ишти карай турган судья аныктала элек. Бүгүн түштөн кийин белгилүү болот. Андан кийин соң отурумдун датасы коюлат”, — деди  Равшанбекова.

21-августта Текебаев менен Чотоновдун иши жаңы жагдайлар боюнча Жогорку Сотто каралган. Судья  мурдагы сот чечимдерин жокко чыгаруу менен ишти кайра кароо үчүн райондук сотко жиберүү боюнча чечим чыгарган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>