Темирлан Ормуков Дастан Бекешевди сотко берди

Темирлан Ормуков Дастан Бекешевди сотко берди

Депутат Дастан Бекешевдин шайлоого катышуу үчүн акча чогултканы мыйзамсыз деп Бишкек шаардык административдик сотуна берди. Бул туурасында Темирлан Ормуков фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал маалыматка караганда, шайлоого карата каражат чогултуу демилгеси менен мыйзамсыз акча чогултууну баштаган. Шайлоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык шайлоого катышуучу жаран БШК талапкерди расмий каттоодон өткөргөндөн кийин шайлоо фонду түзүлүп акча каражатын чогултууга уруксат берилет. Талапкердин шайлоо фондун БШК көзөмөлгө алат. Ал эми Бекешев болсо шайлоо фондуна акча каражаты керек, «каалоочулар эсебиме акча которгула» деп бир нече банктардан эсеп ачып, үгүт маанини камтыган акцияларды жыл башында эле өткөрүүгө киришкен. Бекешевдин мындай аракети Шайлоо жөнүндөгү Конституциялык мыйзамдын: 4, 21, 21-1, 28, 41, 61 беренелерине туура келбейт жана бузуу болуп саналат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>