Тергөөчүлөр Асановдун үйүнөн эмнелерди алып кетишти?

Тергөөчүлөр Асановдун үйүнөн эмнелерди алып кетишти?

Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун үйүн тинтүүгө алышып, үйдөн 2 миң доллардан ашык акча жана белекке берилген буюмдарды алып кетишти. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Айткуловдун айтымында тергөөчүлөр Асановдун үйүндө Атамбаевдин буюмдары болушу мүмкүн деп тинтүү жүргүзүшкөн.

“Үйдөн 2000 доллардан ашык акча, 1000 сом, 5 жана 10 евро, 5 жана 10 дирхам алып кетишти. Мындан башка  Орусиянын ИИМинен,  Тажикстандын президентинин жардамчысынан жана дагы бир белек катары берилген 3 саатты алып кетишти”, — деди Айткулов.

Белгилей кетсек, Курсан Асанов “милициянын кызыкчылыгын саткан” деп 13-августта кызматтан алынган. Аскер прокуратурасы  тарабынан ага кылмыш ишин козголду.

у.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>