Тез жардам унаасын сатып алууга өкмөт 35 млн сомдон ашык каражат бөлөт

Тез жардам унаасын сатып алууга өкмөт 35 млн сомдон ашык каражат бөлөт

Тез медициналык  жардам кызматына унааларды сатып алууга 35 млн сомдон ашуун каражат бөлүү каралууда. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Өкмөтү жакын арада тез медициналык  жардам кызматына унааларды сатып алуу жана анын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн 35 млн сомдон ашуун бөлүүнү пландаштырууда.

Буга чейин Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында түшкөн айыппулдардын бөлүгү тез медициналык  жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат.

Бүгүнкү күнү жол кыймылынын эрежелерин бузуулар боюнча айыптардан 175 млн сом жыйналган. Бул каражаттардын бир бөлүгү кызмат көрсөтүүчүгө жол инфратүзүмүн, почта кызматтарды жакшыртууга, жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн айыппулдарды жыйноону башкарууну жакшыртууга берилет.

Көрсөтүлгөн каражаттардын бир бөлүгү – 35 млн сомдон ашуун тез жардам унааларын сатып алууга бөлүнөт.

2019-жылдын аягына чейин жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн айыппулдарды жыйноо темпи ушул деңгээлде  сакталса, тез медициналык жардам кызматынын унааларын сатып алууга 70 млн сомдон ашуун каражат бөлүнмөкчү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>