Кыргызстан Беларуссиядан Данияр Үсөновду экстрадициялоону талап кылды

Кыргызстан Беларуссиядан Данияр Үсөновду экстрадициялоону талап кылды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларуссияга нааразылык нотасын жөнөттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-августта Тышкы иштер министрлиги Беларустун Бишкектеги элчисин чакырып, андан Кыргызстандын мурунку премьер-министри, эл аралык издөөдө жүргөн Данияр Үсөновдун президенттик шайлоодо утуп чыккан Александр Лукашенко менен чогуу жүргөнү тууралуу түшүндүрмө талап кылды.
Ошондой эле мындай мамиле эки өлкөнүн достук-кызматташтык мамилесине доо кетирери эскертилди.

ТИМ Беларус элчисине нота тапшырып, Данияр Үсөновду жана башка эл аралык издөөгө алынып, Беларуста жүргөн башка кыргызстандыктарды кармоого чара көрүүгө чакырды.

Беларустун президенти Александр Лукашенко 10-августта Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов же кийин атын өзгөрткөн Даниил Урицкий жетектей турганы кабарланып келген ишканага барды. Лукашенконун бул сапары тууралуу жаңылыкты жана анын Урицкий менен чогуу түшкөн сүрөтү Беларус ЖМКларында жарыяланды. Ал жаңылыктарда Лукашенко Урицкий жетектеген «Беларус улуттук биотехнология корпорациясынын»  ишин жогору баалаганы айтылат.

Данияр Үсөнов — Урицкий тууралуу ТИМ мындан үч жыл мурун да Беларус элчисине нота тапшырган. Ал эми Башкы прокуратура 2017-жылдын 14-декабрында Кыргызстандын башкы көзөмөл органы Беларустун Башкы прокуратурасына Даниил Урицкий деп анкеталык маалыматтарын өзгөртүп алган Данияр Үсөновду издөө жана кармоо боюнча өтүнүч жөнөткөн. 2018-жылдын 6-мартында Беларустун Башкы прокуратурасы кыргыз тараптын өтүнүчүн четке каккан.

Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоонун катышуучуларына каршы кылмыштарды жасаган деп айыпталып, сыртынан өмүр бою абакка кесилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>