ТИМ Стамбулдагы башкы консулдун кызматтан алынышы боюнча түшүндүрмө берди

ТИМ Стамбулдагы башкы консулдун кызматтан алынышы боюнча түшүндүрмө берди

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги КРдин Стамбул шаарындагы экс-башкы консулу Эркин Сопоковдун ээлеген кызматынан бошотулушу боюнча түшүндүрмө берди.

ТИМдин маалымат департаменти тараткан билдирүүдө төмөнкүлөр айтылат:

“Эркин Сопоков Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу болуп 2017-жылдын 17-апрелинде дайындалган. Бул жылдар аралыгында ал кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарган эмес.

Атап айтканда, Сопоков жана анын айдоочусу И.С. Хавазов жол эрежесин бир нече жолу бузган. Буга байланыштуу Эркин Сопоковго сөгүш берилип, Хавазов кызматтан алынган.

Тышкы иштер минисрлиги менен Башкы прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин Сопоковдун 2017-жылга карата салык декларациясын тапшырбаганы аныкталды.

2019-жылдын октябрь айынын соңунда Сопоков катоодон чыгаруу жана дипломатиялык номерди кайтаруу тартибин бузуп, өзүнүн «Range Rover» унаасын «Рамадан туризм» автосалонуна сатуу үчүн өткөргөн.

Ошондой эле ал өзүнө тиешелүү болгон унаанын ишкер Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жерде болгонун түшүндүрө алган эмес.

Өзүнүн кызматтык милдеттерин так аткарбай,  Кыргызстандын дипломатиялык кызматы тууралуу мыйзамды одоно бузганы, Вена конвенциясын бузганы  үчүн ТИМ президентке Сопоковду кызматтан алуу боюнча сунуш жиберген”, — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаити минип жүргөн  «Range Rover» үлгүсүндөгү автоунаа Эркин Сопоковко таандык экени айтылган.

ТИМ аталган унаанын чоо жайын тактап жатканын билдирген.

Азаттыктын иликтөөсүндө аты аталган Айеркен Саймаитини 10-ноябрь күнү Стамбулдун Фатих районунда жайгашкан мейманканадан атып кетишкен. Ал оор абалда ооруканага жеткирилип, алган жаракатынан улам көз жумган.

Түркиялык басылмалар окуя болгон Саймаитиники делген унаанын консулдуктардын бирине таандык экенин жазып чыгышкан.

12-октябрда ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалды. Алардын экөө кыргызстандыктар болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>