Site icon Reporter.kg

Тогуз-Торо: 14 жаштагы кыз өмүрү менен кош айтышты

8-ноябрь күнү Тогуз-Торо районунда Нарын дарыясына агып кеткен жаш кыздын сөөгү 9-ноябрда табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Куткаруучуларга «102» кызматынан 8-ноябрда саат 17:41де Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылында Нарын дарыясына Табылгыты айылынын 2007-жылы туулган тургуну Б.Д. түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери токтотулуп, 9-ноябрь күнү улантылган.

Издөө иштерине ӨКМден 16 куткаруучу, РИИБден 15 кызматкер, Сары-Булуң айыл аймагынан 36 (6 адам ат менен) адам, туугандарынан 2 адам, жалпы 69 адам тартылган. Алар Коён-Токой тилкесинен Дүкүр тилкесине чейинки аралыкта, Нарын дарыясынын жээгинде 2 топко бөлүнүп, издөө иштерин жүргүзүштү. 9-ноябрда саат 10:45те кыздын жансыз денеси Сары-Булуң айыл аймагынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Exit mobile version