Тогуз-Тородо 70 гектар жер өрттөндү

Тогуз-Тородо 70 гектар жер өрттөндү

14-сентябрда Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын Кызыл-Кыя жайлоосундагы өрт өчүрүлдү.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен болжол менен 70 гектар аянттагы куураган чөп күйгөн. Өрттү өчүрүүгө Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылды. Өрт саат 21:55 чамасында толугу менен өчүрүлдү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>