Тогуз-Тородо тургундун мал сарайынан мыйзамсыз курал- жарактар табылды

Тогуз-Тородо тургундун мал сарайынан мыйзамсыз курал- жарактар табылды

Жалал-Абадда тургундан мыйзамсыз курал-жарактарды алынды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 22-сентябрда Жалал — Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы ички иштер бөлүмүнө райондун тургуну мыйзамсыз куралдарды сактап жана пайдаланып жүрөт деген маалымат түшкөн.

Натыйжада Тогуз-Торо районунун 30 жаштагы тургуну, үй-бүлөлүү, эч жерде иштебеген К.М. аттуу жаран ок атуучу куралдарды өзүнүн үйүнүн короосунда жайгашкан мал сарайында сактап жаткандыгы аныкталган.

Анын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөндө мал сарайынан мыйзамсыз түрдө сакталган төрт даана ок атуучу курал, 1 сайлуу, 3 сайсыз жана беш даана калибердеги ок-дары алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>