Токаев Назарбаевдин кызына байланышы бар компанияны жабууга буйрук берди

Токаев Назарбаевдин кызына байланышы бар компанияны жабууга буйрук берди

11-январда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев мажилистин жыйынында утилизация алымдарын жүргүзгөн «Оператор РОП» компаниясынын жумушун токтотууга буйрук берди.

«Ишкерлер менен жалпы коомчулукта «Оператор РОП» компаниясынын ишине байланыштуу суроо көп. Маселе жеке компанияга каршы кандайдыр бир коомдук кыймыл да түзүлгөнгө чейин жетти. Өкмөткө утилизациялык алымды жоюу үчүн чара колдонууну тапшырам. Бул иш менен мамлекеттик уюм алектениши керек», — деди Токаев.

Казакстанда жеке жактар менен компаниялардан жана аларга субсидия берүүчү өкмөттөн жыйналган акча Казакстандын мурдагы президентинин кенже кызы Алия Назарбаева менен байланыштуу «Оператор РОП» компаниясына которулуп келген. Расмий маалымат боюнча «Оператор РОП» бул каражатты калдыктарды жыйноо жана жок кылууга керектүү иштерге жумшап келген.

2020-жылдын башындагы маалыматка караганда, үч жылда «Оператор РОП» компаниясынын эсебине 220 миллиард теңге (505 738 640 доллар) түшкөн. Эң көп каражат автоунаа өндүрүшүнө дем берүүгө жумшалган.

Өлкөдө автоунаа ээлери жылдар бою утилизациялык алымга каршылык билдирип келген. 2021-жылы #НетУтильсбору кыймылы башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>