Токаев парламентке өтүү богосо чегин азайтууну сунуштады

Токаев парламентке өтүү богосо чегин азайтууну сунуштады

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин биргелешкен жыйынында саясий партиялардын мажилиске өтүү чегин 7ден 5 пайызга төмөндөтүү керек экенин айтты.

Ал бул расмий түрдө каттоодон өткөн партиялардын шайлоого катышуусуна шарт түзөрүн белгиледи.

Токаев мындан тышкары шайлоо бюллетенине “баарына каршы” деген графанын да кайтарууга үндөдү. Казакстанда “баарына каршы” графасы 2011-жылы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо алдында алынып салынган.

15-январда мажилистин депутаттары бир добуштан палатанын төрагалыгына Нурлан Нигматулиндин талапкерлигин колдошту. Аны бул кызматка мурдагы президент Нурсултан Назарбаев сунуштаган.

Нигматулин “Нур Отан” фракциясынын да башчысы бойдон калат.

58 жаштагы Нурлан Нигматулин 2012-2014-жылдары, мажилистин төрагасы болгон. Кийин президенттин администрациясынын башчылыгына кетип, бул кызматка 2016-жылы кайра шайланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>