Токой чарба агенттигинин жаңы директору жамаатка тааныштырылды

Токой чарба агенттигинин жаңы директору жамаатка тааныштырылды

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жалпы жамааты жаңы директор Мирслав Аманкулов менен таанышты.

Жаңы директорду биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов жана өкмөт аппаратынын агро өнөр-жай жана экология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Жээналиев тааныштырды.

Мирслав Аманкуловду Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору кылып дайындоо боюнча буйрукка 6-сентябрда премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Буга чейин Аманкулов «Витязь» мамлекеттик ишканасынын директору кызматын ээлечү.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Абдыкалык Рустамов жана анын жардамчысы Арслан Ибраев 30-июлда 2000 доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>