«Төшүн кармап, бутунун ортосуна салган». Туугандары милиция педофилди кармай жатканын айтышты

«Төшүн кармап, бутунун ортосуна салган». Туугандары милиция педофилди кармай жатканын айтышты

Бишкекте эркек киши 11 жаштагы кызды унаага салып, «Шоро» заводун көздөй алып качып кеткен. Жолдо ал кызды өөп, ыдык көрсөткөн. Кыз качып кетүүгө үлгүргөн. Бирок кыздын туугандары бул окуя боюнча адилеттүүлүк жок болуп, өспүрүмгө кол салган адамды жоопко тарта албай келишет. Бул жагдай тууралуу социалдык тармактардын колдонуучусу Аида Бөрүбаева билдирди.

«Урматтуу ата-энелер! Абайлагыла педофил! Баардык ата -энелерге кайрылабыз! Бул бизге келет деп эч ойлогон эмеспиз! 18-августта 11 жаштагы кызыбыз Эне-Сай конушунда чоң энесинин үйүнөн чыгып, Алматинка трассасынын боюнда кичи автобус күтүп турган. Убакыт болжол менен саат 15.30-16 болчу. Автобуз келип токтоп, Аламедин базарына бара турганын айткан, кызым ишенген, автобус болгондуктан ага отурган. Жолдон бул киши кызымды өөп, төшүнөн кармап, бутунун ортосуна салган. «Шоро» заводун көздөй алып кетип бараткан. Бир убакта киши ары бурулганда кызым эшикти ачып качып кетүүгө үлгүргөн», — деп жазат Аида Бөрүбаева.

Жабырлануучунун апасы милицияга арыз жазган. Милиция эне-баланы суракка алып, түн бир оокумга чейин кармаган. Бирок кыздын сөздөрүнөн шек саналып, шектүү кармалган эмес.

«Бүгүн билдик шектүүнү камабаптыр. Анын туугандары келип чыгарып кетишиптир. Биздин даректи каяктан табышканын билбейм, бир эжеси келип бул «кырсык» деп айтууда. Бул өлкөдө кантип адилетүүлүк орнотсо болот? Кызым алдабайт. Мунун баары чындык. 11 жаштагы кызга мындайдын эмне кереги бар. Бул иштин аягына чыгууга бизге жардам керек», — деп кошумчалады ал.

Reporter.kg’нин редакциясы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан бул окуя боюнча комментарий алууга байланышты, учурда маалымат такталып,текшерүү жүрүп жатканын билдиришти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>