Трамп «Дориан» бороонуна байланыштуу Польшага болгон сапарын токтотту

Трамп «Дориан» бороонуна байланыштуу Польшага болгон сапарын токтотту

АКШнын президенти Дональд Трамп Флорида штатына жакындап калган «Дориан» бороонуна байланыштуу ушул дем алыш күндөрү боло турган Польшага сапарын токтотту.

Трамп бул тууралуу Польшанын президенти Анжей Дудага кабар берип, Варшавага кийин бара турганын билдирди. Бейшемби күнү ал америкалык делегацияны вице-президент Майк Пенс жетектеп барарын жарыялады.

Маалыматтарга караганда, Дональд Трамп Польшада Экинчи дүйнөлүк согуштун башталганынын 80 жылдыгына арналган иш-чарага катышмак.

«Дориан» бороону АКШнын жээктерине ишемби күнү жетет деп күтүлүүдө. Синоптиктердин божомолуна ылайык, ал Флорида аймагындагы акыркы 27 жылдан берки эң каттуу бороон болуп калышы мүмкүн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>