Транспорт министрлиги: Бишкек-Москва поезд каттамынын баасы арзандады

Транспорт министрлиги: Бишкек-Москва поезд каттамынын баасы арзандады

«Кыргыз темир жолу» жана «Орус темир жолу» ишканалары Бишкек-Москва каттамындагы билет баасын төнөмдөтүү боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Транспорт министрлиги кабарлаганын «Жебе Медиа» жазып чыкты.

Билет баасы жаңы жылдан дээрлик 20%га арзандайт. Январь-март айларында байкап көрүшөт, жүргүнчүлөрдүн санына жараша андан аркы чечим кабыл алынат.

«Кыргыз темир жолунун» маалыматында Бишкек-Москва багыты боюнча билетти эртерээк алсаң, 12250 сомго түшөт, поезд жөнөргө жакын баа 15900 сомго көтөрүлөт. Жыйырма пайыз арзандаткан күндө поезд менен Москвага жетүү 2450 сомго арзандап, 9800 сомду түзүп калат. Ал эми поезд жөнөйүн дегенде билет алсаңыз, ал 13 миң сомго жакын акча болот.

Салыштыруу үчүн айта кетели, Бишкек-Москва авиакаттамына ушул айга билет баасы 25-27 миң сомду түзүүдө. Бир ай эрте алсаңыз, нарк 15 миң сомдон жогору болот.

Баса, Кыргызстан менен Орусиянын темир жолчулары Бишкек-Новокузнецк каттамы боюнча маршрутту Бишкек-Новосибирскке өзгөртүү чечимин кабыл алды. Бул жүргүнчүлөрдүн саны көбөйтүү жана Кыргызстанды транспорттук жактан батыш Сибирдин эң ири темир жол станциясы менен бириктирүү үчүн жасалганы айтылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>