Туризмдин өнүгүп жатышыбы? Москва-Бишкек каттамындагы жүргүнчүлөр бүт турист (видео)

Туризмдин өнүгүп жатышыбы? Москва-Бишкек каттамындагы жүргүнчүлөр бүт турист (видео)

Шереметьево аэропорту аркылуу Москвадан Бишкекке учкан каттамда бир дагы кыргыз жок, баары чет элдик туристтер. Мындай көрүнүшкө күбө болгон Алмазбек Кадыркулов аттуу мекендешибиз ошол учурду видеого тартып алып РЕПОРТЕР агенттигине жиберди.

“Бишкекке уча турган жүргүнчүлөрдүн жанына келсем, арасында бир дагы кыргыз жок. Адашып башка каттамага барып алгам го деп карасам туура эле экен. Учак толо чет элдиктердин өлкөгө келиши туризимдин өнүгүшүнө чоң салым”, — деди Кадыркулов.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга быйыл 7,5 миллион турист келери күтүлүп жатканын Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу билдирген.

Өткөн жылы өлкөгө 7 миллионго жакын турист кирип чыккан.

17-майда Ысык-Көлдө өткөн туризм жармаңкеси менен 2019-жылдын жайкы туристтик сезону ачылган.

Рубрики: ВИДЕО , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>