Дыйкандар эгиндеринен кол жуушту. Суусамырда 5 миң гектар эгин кар алдында калды

Дыйкандар эгиндеринен кол жуушту. Суусамырда 5 миң гектар эгин кар алдында калды

Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Тынчтыкбек Конушбаев Суусамыр өрөөнүндөгү акыркы абал тууралуу кеп кылды.

Ал Суусамыр өрөөнүндө 8-9-сентябрь күндөрү жааган жамгыр карга айланып, 5000 гектар аянттагы дан эгиндери кар алдында калганын айтып, өкмөт өкүлдөрүнө тез араза жеринен кабар алышы керектигин белгиледи.

“Жергиликтүү эл райондук администрацияга, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баштаган бир катар мекемелерге кайрылып, бирок эч кандай жооп ала алышкан эмес. Көпчүлүк дыйкандар насыя алып, эптеп айдаган эгиндеринен кол жуушту. Анткени, суусамырлыктар табияты катаал аймакта мал чарбачылыгы менен катар арпа эгинин гана эгип, оокат кылышат. Ал эми 5000 гектар жер деген чоң аянт. Буга ылайык, тиешелүү Өкмөт өкүлдөрү тез арада жеринен кабар алып, кесепеттерди жоюуга аракет көрүшү керек”, – деди Конушбаев.

Үстүбүздөгү жылда Суусамырда жалпы 6100 гектар жерге арпа айдалган. Акыркы маалыматтар боюнча 1100 гектар аянттагы гана арпа жыйналып бүткөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>