Тыныбекова балбан кыз менен телефондон баарлашты — сүрөт

Тыныбекова балбан кыз менен телефондон баарлашты — сүрөт

Жасмин менен Айсулуу Тыныбекова телефондон сүйлөшкөнүн Тыныбекованын PR-менеджери Нурпери Садырбекова билдирди.

Анын айтуусунда, Айсулуу Тыныбекова менен сүйлөшкөнүнө жаш балбан Жасмин абдан сүйүнгөн. Ошондой эле машыгуулар жөнүндө сөз болуп Тыныбекова жаш балбанга кеңештерин берген. Муну менен катар Олимп чемпиону атасы менен да баарлашканын кошумчалады.

Айсулуу Тыныбекова учурда Ысык-Көлдө машыгууда жүргөндүктөн ага жолуга албай жатканын айтып, машыгуу бүткөндөн кийин бетме-бет жолугушаарын белгилеген.

Буга чейин Тыныбекова 9 жашар кыздын мыкты күрөшүп жаткан видеосун көрүп, аны менен жолугуу үчүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кызды табышууга коомчулуктан жардам сурап кайрылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>