ТҮРКСОЙ 2022-жылды Т.Абдымомунов жылы деп жарыялады

ТҮРКСОЙ 2022-жылды Т.Абдымомунов жылы деп жарыялады

Түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү инсандарынын 2022-жылга карата тизмесине Кыргызстандын Маданият министри Кайрат Иманалиев эмдиги жылы 100 жылдык мааракеси өтө турган атактуу драматург Токтоболот Абдумомуновдун ысымын сунуштаган. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзбекстанда ТүркСОЙго мүчө өлкөлөрдүн Маданият министрлеринин жыйыны өтүп,  анда «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору-2022» наамын ыйгаруу маселеси жана атактуу маданият, искусство ишмерлеринин юбилейлери каралды.

Биринчи маселе боюнча жалпы чечим менен Түркиянын Бурса шаарына «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» наамы берилди.

Мындан тышкары «2022-жыл — Кыргыз драматургу Токтоболот Абдымомунов жылы» деп жарыяланды. Ошол эле учурда 2022-жылы Азербайжан композитору Фикрет Амировдун 100 жылдык юбилейи, түрк акыны Сулейман Челебинин 600 жылдык мааракеси жалпы ТүркСОЙго мүчө өлкөлөрдүн алкагында белгилене турган болду.

Жыйындын соңунда ТүркСОЙдун убактылуу координациясы Түркияга өтүп, жыйынтыктоочу документтерге кол коюлду.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>