УКМК: “Ала-Арча” паркындагы мыйзамсыз иштерден 3,7 млн сом зыян келтирилди

УКМК: “Ала-Арча” паркындагы мыйзамсыз иштерден 3,7 млн сом зыян келтирилди

“Ала-Арча” мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүндө коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин жана өкмөттүн иш башкармасына караштуу “Ала-Арча Кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркы” мамлекеттик мекеменин ишиндеги одоно мыйзам бузуулар аныкталды.

“Ала-Арча” жаратылыш паркынын балансында турган бодо малдын иш жүзүндөгү жана документалдык санын салыштыруу учурунда 39 баш жылкы жана 26 баш топоз жетишпегендиги аныкталган.

Такталган маалымат боюнча, жооптуу адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 3,7 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Учурда УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>