УКМК: Алманбет Салиевдин иши тергелип бүттү

УКМК: Алманбет Салиевдин иши тергелип бүттү

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун аппарат башчысынын орун басары Алманбет Салиевдин тергөө иши соңуна чыгып, эми сотко берүүгө камылга көрүүдө. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдирүү таратты.

Тергөөнүн жыйынтыгында, Салиев президенттин аппаратында иштегенге чейинки иштеринен бери бүт текшерилип, жалпы 70 миллион сомдук зыян келтирилгени ачыкталды. Бул убакыт аралыгында үйлөрдү, имараттарды жана унааларды алган. Бюджеттен алган айлыгы менен мынча мүлккө жетүүгө мүмкүн эмес болгон. Мындан тышкары президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп турган маалында жемкорлукка барганы, ар кандай акча каражатын алуу үчүн милиция кызматкерлерине кийлигишкени ачыкталган.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө акыркы стадияда турат жана жакынкы аралыкта аяктап, материалдар негизи боюнча кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлөт.

УКМКнын тергөө абагына 16-августка чейин камакка алынган болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>