УКМК: Ар бир 4-интернет колдонуучу кибер коркунучка кабылган

УКМК: Ар бир 4-интернет колдонуучу кибер коркунучка кабылган

2021-жылдын башынан бери, Кыргызстанда болжол менен ар бир төртүнчү интернет колдонуучу ар кандай кибер коркунучтарга, ал эми ар бир экинчи интернет колдонуучу-колдонуучунун аппаратына алынуучу маалымат каражаттары аркылуу жергиликтүү (локалдык) коркунуч деп аталган чабуулдарга туш болгон. Бул туурасында Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинен билдиришти.

Соңку алты айда «Касперский лабораториясы» Кыргызстандагы “фишинг” баракчаларына кирүүнүн 60 миңден ашыгына бөгөт койгон. Адистер киберкылмышкерлер барган сайын уюмдарды бутага алып жатканын белгилешет. Мисалы, 2021-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанда корпоративдик интернет колдонуучулардын 19% ы веб коркунучтарга, 42% ы жергиликтүү зыяндуу программаларга туш болушкан.

«Касперский лабораториясы» менен киберкоопсуздук боюнча кызматташуу үчүн УКМК меморандумга кол койду.

“Татаал жана дайыма өнүгүп жаткан кибер коркунучтарга каршы күрөшүү үчүн кибер иммундук технологиялардын жана кызматтардын кеңири спектрин иштеп чыгабыз жана жайылтабыз, анын ичинде инфраструктуранын маанилүү объектилеринде дагы” деген “Касперский лабораториясынын” башкы директору Евгений Касперский.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>