УКМК бирдиктүү эсепке кезектеги 31 миллион сомду которду

УКМК бирдиктүү эсепке кезектеги 31 миллион сомду которду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 31 миллион сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Жалпысынан УКМК бирдиктүү депозиттик эсепке 272 миллион 815 миң 287 сом которгон.

Мекемеден билдиришкендей, бул акчалар коррупциялык кылмыштар аркылуу мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттар.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 3-июлунда коррупциялык иштердин айынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн атайын эсеп ачылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>