УКМК чек ара жаңжалына байланыштуу чагымчыл маалымат таратпоого чакырды

УКМК чек ара жаңжалына байланыштуу чагымчыл маалымат таратпоого чакырды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети  кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар боюнча улуттар аралык кастыкты козуткан терс мүнөздөгү комментарийлер менен провокациялык чакырыктарды жайылтуудан алыс болууга чакырат. Бул тууралуу аталган түзүм тараткан билдирүүдө айтылат

Учурда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү “Максат” чек ара районундагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөзүп жатат.

Муну менен катар УКМК өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды атайын курчутуп, улуттар аралык кастык аркылуу массалык баш аламандыкты жана ар кыл каршылык акцияларын уюштурууга алып келе турган аракеттерди алдын алуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Буга байланыштуу, коомдогу чыңалууну алып келе турган  маалыматтар менен материалдардын авторлоруна эскертүү берүү укугун колдоноорун билдирет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>