УКМК: Курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды

УКМК: Курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды

Чүй облусунун Москва районунун аймагынан QSZ-92 үлгүсүндөгү 2 даана магазини бар тапанча, бир нече 9×19, 9×18, 5,45×39 и 7,62×39 мм жана 7,62×39 мм калибирлүү гильзалар, ошондой эле тротил таякчасы, эки детонатор жана колго жасалган жарылуучу зат сакталган жер табылды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Алындын ала алынган маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак, ок-дарылар, жардыргыч заттар кылмышкерлер тарабынан өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалганы аныкталды.

Азыркы учурда алынган буюмдардын кайдан келгендигин жана бул жашыруун жайды уюштурган адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

КР УКМК ок атуучу куралдарды, ошондой эле ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эскертет.  Ошондой эле, ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен тапшырган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>