УКМК кызматкерлерин таш баранга алган деп 3 адам эки айга камалды

УКМК кызматкерлерин таш баранга алган деп 3 адам эки айга камалды

“Чалдовар” көзөмөл өткөрүү жайында Улуттук коопсуздук мамлекеттик  кызматынын кызматкерлерин таш барганга алган деген шек менен 3 адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлады.

Маалыматка караганда, алар 29, 26 жана 23 жаштагы жергиликтүү тургундар болгон.

«Кармалгандар соттун чечими менен эки айга тергөө абагына киргизилген.  Учурда кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер улантылууда», — деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 28-сентябрда УКМК кызматкерлери тергөө иштерин өткөрүү үчүн  кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдовар” көзөмөл өткөрүү жайына барып, жергиликтүү тургундар менен жаңжалдашкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>