УКМК Рустамовду пара алып жаткан жеринен кармаган

УКМК Рустамовду пара алып жаткан жеринен кармаган

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов жана жардамчысы 2000 доллар пара алып жатканда кармалган. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Алар чет элдик жаранга Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы жер фондунан 5 га жер участогун берүү үчүн оң чечим чыгарып беребиз деп, пара талап кылышкан.

Кармалган учурда алардын ар биринен 1 миң доллар өлчөмүндөгү акчалар табылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “пара талап кылуу” беренеси боюнча катталды. Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Буга чейин өздүк булактар Абдыкалык Рустамовду УКМКнын кызматкерлери үйүнөн кармап кеткенин билдирген эле.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>