УКМКнын төрагасы: Кой-Ташка барган спецназдарда ок атуучу курал болгон эмес

УКМКнын төрагасы: Кой-Ташка барган спецназдарда ок атуучу курал болгон эмес

Бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп жатат. Аталган жыйынга 61 депутат каттоодон өтүп жыйынга катышууда.

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин айтуусунда, кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу мажбурлоо түрдө кармоо боюнча атайын операцияда жалаң резина куралдары колдонулду.

«7-августта түнкүсүн атайын кызматкерлер Атамбаевди сурак берүүгө алып келүүгө аракет кылгандыктан ок атуучу курал менен камсыздалышкан эмес. Ал эми Атамбаевдин тарапташтары ок атуучу курал колдонушту. Алты аскер жараланып, командирдин орун басары Үсөнбюек Ниязбеков каза болду. Ага тийген оку экспертизага жиберилген, анын жыйынтыгында кандай ок тийгени аныкталат», — деп маалымат берди парламентте Опумбаев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>