Улукбек Кочкоров: «Биримдик» жергиликтүү ѳндүрүшчүлѳрдү колдой турган механизмди сунуштап жатабыз

Улукбек Кочкоров: «Биримдик» жергиликтүү ѳндүрүшчүлѳрдү колдой турган механизмди сунуштап жатабыз

Бул тууралуу Улукбек Кочкоров  «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын Токтогул районунун  эли менен жолугушуу учурунда айтты.

Улукбек Кочкоров «Биримдик» партиясы  окумуштуу, адис, эксперттер, ѳндүрүшчүлѳр, элита, интеллигенция ѳкүлдѳрү менен ийри отуруп, түз кеңешип, анализдеп, талдап жакшы программа даярдалганын белгиледи

Анын  айтымында, атамекендик ѳндүрүштү колдоо менен  гана экономикабызды ѳнүктүрѳ алабыз. Эгемендикке келгенден бери Кыргызстандын ички рыногунун 80 %ын  чет ѳлкѳлѳрдүн товарлары каптап кетти. Бир жылда кыргыз эли турмуш тиричиликке 400 млрд. сом жумшайт. Тилекке каршы, бул акчанын 80 %ы чет элдик товар ѳндүрүүчүлѳргѳ, алардын экономикаларынын ѳнүгүүсүнѳ жумшалууда.

«Биримдик» партиясы атамекендик ѳндүрүүчүлѳрдү колдоого алып, Кыргызстандын элинин акчалары ѳлкѳ ичинде калтырууну кѳздѳгѳн программаны сунуш кылууда. Бул программа партия Жогорку Кеңешке баргандан 3 айдан кийин ишке ашырыла баштайт. Ал кандай  программа?

Программага ылайык, элдин алган маяна, жѳлѳк пулдары ѳлкѳнүн экономикасын кѳтѳрүүгѳ багытталат. Тагыраак айтканда, жѳлѳк пул, пенсиялар аркылуу атамекендик ѳндүрүшчүлѳрдү колдой турган механизми сунушталууда. Жарандар карточкага салынган акчага улуттук ѳндүрүштѳгү товарларды сатып алып, кызмат кѳрсѳтүүлѳрдѳн пайдалана алат. Бул акчалар экономиканы кѳтѳрүп, жергиликтүү ѳндүрүшчүлѳрдүн иштеринин ѳргѳлѳѳсүнѳ ѳбѳлгѳ болот, мамлекеттик бюджеттин кирешеси кѳбѳйѳт. Социалдык, инфраструктуралык кѳйгѳйлѳрдү чечүүгѳ киреше булагы пайда болот.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 15-сентябрь 2020-жыл. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>