Site icon Reporter.kg

Улукбек Марипов Кумтөрдүн жамаатына Тенгиз Бөлтүрүктү тааныштырды

Улукбек Марипов Кумтөр кенинин жамааты менен жолугушту, анда ал жамаатка «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү тааныштырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Ошондой эле Улукбек Марипов кен кызматкерлеринин социалдык төлөмдөрдүн сакталышы, эмгек акы, ишкананын келечеги тууралуу суроолоруна жооп берген.

«Кен өз ишин токтотпойт жана ишин штаттык режимде улантат. Кызматкерлер тийиштүү төлөмүн алышат, эч кандай кыскартуулар тууралуу кеп болбошу керек. Биздин негизги максат – карапайым жарандардын жашоо-турмушун жакшыртуу. Ачык-айкын жана таза ишибиз аркылуу гана биз ага жетише алабыз», — деп жыйынтыктаган Марипов.

Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун тышкы башкаруучусу кызматына Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун сунуштамасы боюнча дайындалган.

Exit mobile version