Site icon Reporter.kg

Улуттук банк ушул жылдагы он биринчи интервенцияны өткөрдү

5-ноябрда Кыргызстандын Улуттук банкы кайрадан валюта рыногуна чыкты. Бул тууралуу аталган бактын сайтында маалымдалды.

Бул жолу Улуттук банк валюта рыногуна 55,4 миллион доллар сатты, бул 28-октябрга салыштырмалуу 5,4 миллион долларга көп. Бул быйылкы жылдын башынан берки он биринчи валюталык интервенция.

Кошумчалай кетсек, учурда регулятор сомдун курсун тегиздөө үчүн 446 миллион 750 миң доллар сарптады.

Exit mobile version