Улуттук көркөм тасмаларды жаратуу үчүн сынак жарыяланды

Улуттук көркөм тасмаларды жаратуу үчүн сынак жарыяланды

Кинематография департаменти улуттук көркөм тасмаларды жаратуу үчүн эң мыкты кинодолбоорлорго сынак жарыялайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Тасманын өндүрүшүн каржылоо мамлекеттик каржылык колдоонун эсебинен субсидия түрүндө толугу менен же жартылай ишке ашырылат.

Сынакка баардык кинематография мекемелери жана кинодолбоорлордун продюсерлери катыша алат.

Кинодолбоор социалдык маанилүү, заманбап тематиканы камтууга, коомдун жалпы кабыл алынган, жарандык жана адеп-ахлактык идеалдарына туура келүү ж.б. бир нече талаптарга жооп берүүгө тийиш.

Сынакка катышууну каалагандар өз эмгектерин 8-августка чейин  goskinokg@mail.ru дарегине жибериши керек. Толук маалымат алуу үчүн Кинематография департаментине кайрылыңыздар.

Рубрики: МАДАНИЯТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>