«Унаада буттары чыгып калган» Ала качуу боюнча айдоочу өз версиясын айтып берди

«Унаада буттары чыгып калган» Ала качуу боюнча айдоочу өз версиясын айтып берди

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда Сокулук районунда ала качуу болду деген болжолдуу видеого жооп кайтарды.

Милициянын маалыматы боюнча, 2021-жылдын 22-ноябрында социалдык тармактарда тараган видеонун автору “кызды унаага салып ала качып кетип баратышы мүмкүн” деген.

Бул фактыны текшерүүгө алуу үчүн ИИМ кызматкерлери “адам уурдоо” беренеси менен иш баштаган.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери видеодо көрсөтүлгөн Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 1964-жылы туулган О.Н.ди суракка алышкан. Сурак учурунда ал киши бул унаада жеке айдоочулук менен алектенип жүргөнүн түшүндүргөн. Үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрында саат 13:30дар чамасында Сокулук айылындагы мал базардын аймагында 30-35 жаштар чамасындагы кыз менен жигит анын унаасына отуруп, Гавриловка айылына жеткирүүнү суранышкан. Жолдо келе жатып кыз белгисиз себептер менен эшикти ачып жиберген, унаа жолдун четине токтотулуп, кайра бул адамдар мурда макулдашылган дарек боюнча алып барууну суранышкан.

Гавриловка айылына келгенде кыз калып, жигит кайра мал базардын аймагына кайтып келген. Ошол эле учурда ал киши бул адамдарды биринчи жолу көргөнүн билдирди.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан бул адамдардын өздүгүн тактоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ала качуу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>