Урууларга бөлүшкөн. Баткендеги окуучулардын массалык мушташынан 4 бала жаракат алды

Урууларга бөлүшкөн. Баткендеги окуучулардын массалык мушташынан 4 бала жаракат алды

Баткендин Кара-Бак айылындагы мектеп окуучуларынын муштагынан 4 окуучу жабыркаган. Бул тууралуу “Репортёрго” облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 15-апрелде Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов орто мектебинин 8-классынын окуучуларынын ортосунда топтошуп мушташу чыккан. Бул маалымат Баткен РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган.

Текшеруу иштеринин жүрүшүндө Баткен биргелешкен ооруканасына 15-апрелде саат 23:00 чамаларында Кара-Бак айлынын 15жаштагы 4 жаш өспүрүмү кайрылганы белгилүү болгон. Ошондой эле бул массалык мушташуунун себеби уруу-урууга бөлүнгөндүгү аныкталган.

Бул факты 266-берене (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Окуучулардын массалык мушташы боюнча окуянын териштирүү иштерин ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев жеке көзөмөлүнө алганы айтылат.

Бул окуя боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Эрлан Сапарбаевге, атайын комиссия түзүп, окуянын чоо жайын дыкат иликтөөнү милдеттендирген.

Ошондой эле окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо, коомчулукта, өзгөчө мектеп окучуларынын арасында урууларга бөлүнүп, топтошуп мушташуу сыяктуу терс көрүнүштөргө жол бербөө, алдын алуу иш чараларын жүргүзүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды бергени айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>