Ушул жылы 72 жаңы мектеп пайдаланууга берилет

Ушул жылы 72 жаңы мектеп пайдаланууга берилет

Быйылкы жылдын эсеби менен Кыргызстанда 72 жаңы мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

Өкмөттүн маалыматына караганда, учурда бардыгы болуп 157 социалдык объект курулуп жатат. Анын ичинен 111и мектеп имараты.

«111дин 72си мектеп, ушул жылдын аягына чейин эксплуатацияга берилет. Мындан тышкары 51 мектепте жана жети бала бакчада оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө» деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

2018-жылы Кыргызстанда 66 мектеп курулганы парламентте айтылган.

Булан институту мектептердин курулушу жана коопсуздугу боюнча жүргүзгөн изилдөөсүндө Кыргызстанда 190дон ашуун мектеп авариялык абалда экени белгиленген.

Республика боюнча 2262 мектеп бар. Кыргыз өкмөтү мамлекет 600дөй жаңы мектепке муктаж экенин билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>