Уулунан айрылган Садыр Жапаров бүгүн кайра абакка кайтат

Уулунан айрылган Садыр Жапаров бүгүн кайра абакка кайтат

Уулунан айрылган Садыр Жапаров бүгүн 28-август күнү кечинде абакка алынып келет. Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдиргенин «Элдик Медиа» жазып чыкты.

Анын айтымында Жапаров Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы колонияга кирет.

Белгилей кетсек, абактагы Садыр Жапаровго уулу Дастанга топурак салуу үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы ага кечээ, 27-августта уруксат берген.

Садыр Жапаровдун 27 жаштагы уулу Дастан жол кырсыгынан алган оор жаракатынан улам эсине келбей, 26-августта Бишкекте ооруканада каза болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>