Валентина Шевченко Искусство университетинин ардактуу профессору болду

Валентина Шевченко Искусство университетинин ардактуу профессору болду

UFC чемпиону Валентина Шевченко Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Улуттук искусство университетинин ардактуу профессору болду. Бул тууралуу спортчу Instagram баракчасына жарыялады.

«Мен үчүн чоң мааниге ээ болгон жаңы жетишкендикти алуу чоң сыймык! Кечээ мен 13 жыл мурун кинорежиссер адистигин аяктаган өзүмдүн университетимде болдум! Мага Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук искусство университетинин ардактуу профессору наамы ыйгарылганы үчүн урматтуу окутуучуларга жана администрацияга ыраазычылык билдирем», — деп жазган Валентина Шевченко.

Буга чейин спортчу UFC мушкерлеринин рейтингинде биринчи орунга көтөрүлгөнү белгилүү болгон.

Биринчи орунда турган бразилиялык Аманда Нуньес 12-декабрда UFC 269 турниринде америкалык Жулиана Пейнге утулуп, өз дивизионунда чемпиондук курдан ажырап, рейтингде үчүнчү орунга түшкөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>