Вице-премьер: мамлекеттик органдар максималдуу үнөмдөөсү керек, бирок пандемияга каршы күрөштө эмес

Вице-премьер: мамлекеттик органдар максималдуу үнөмдөөсү керек, бирок пандемияга каршы күрөштө эмес

Бардык мамлекеттик органдар максималдуу үнөмдөө режимин улантуусу зарыл. Бул COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү маселелерине тийиштүү эмес. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында билдирди.

«Тартылган бардык мамлекеттик түзүмдөр ишти күчөтүүгө тийиш. Анын ичинде Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлеринин айлык акысын убагында берүү маселесин ыкчам чечиши шарт. Мындан тышкары маанилүү маселелердин бири аларга компенсацияларды төлөп берүү болуп саналат. Биз күнү-түнү жарандарыбыздын өмүрү үчүн күрөшүп жаткан дарыгерлерге, медайымдарга жана санитарларга болушунча кам көрүүгө тийишпиз», — деди Алмазбек Баатырбеков. 

Биринчи вице-премьер-министр жергиликтүү бийлик органдарынын алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүсүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. 

«Биринчи кезекте, бул Бишкек жана Ош шаарларында жаңы ооруканаларды куруу. Ошондой эле жер-жерлерде имараттарды ооруканалар катары кайра түзүү жана медициналык мекемелерди суюк кычкылтек берүү системасына борборлоштуруп кошууну уюштуруу өзгөчө колго алынсын. Бул ишке жооптуу мамлекеттик органдар буга чейин аныкталган. Жеке коргонуу каражаттарына тийиштүү айтсак, адистердин пикирин эске алуу менен жаңы бирдиктүү стандартты иштеп чыгуу зарыл», — деп жыйынтыктады ал. 

Ошону менен бирге биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков өлкөгө келип түшкөн бардык гуманитардык жардамды эсепке алуу жана бөлүштүрүү маселесин өзгөчө көзөмөлдөөнү тапшырды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>