Виза жасап беребиз деп жарандардан 96 миң доллар алып качып кеткен адамдар кармалды

Виза жасап беребиз деп жарандардан 96 миң доллар алып качып кеткен адамдар кармалды

Бишкекте чет өлкөгө виза жасап беребиз деп акчасын алып жарандарды алдап кеткен 46 жана 59 жаштагы эки аял кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, 23-октябрда милицияга 11 жашоочу арыз менен кайрылган. Арызда алар өткөн жылдын сентябрь айынан бери алардын ишенимине кирип алып Америка жана Норвегияга виза жасап беребиз деп акча алгандан кийин качып кеткен эки аялга чара көрүүнү өтүнүшкөн.

Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча шектүүлөр жабырлануучуларга 96 миң доллар материалдык зыян келтиришкен.

Бул факт “Алдамчылык” боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалгандар убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешесин текшерүү үчүн кошумча тергөө иштери жүрүп жатат.

Шектүүлөрдөн жабыркагандар 0(550) 102-168, 0(555) 888-864 телефон номурлары же 102 кызматы аркылуу кайрылса болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>