Xiaomi компаниясы дүйнөдөгү биринчи тунук сыналгыны сатыкка чыгарды

Xiaomi компаниясы дүйнөдөгү биринчи тунук сыналгыны сатыкка чыгарды

Кытайдын Xiaomi компаниясы өзүнүн он жылдык мааракесине Ультра жука тунук (прозрачный) экраны бар дүйнөдөгү биринчи сериялык сыналгыны тартуулады. Бул тууралуу ТАСС порталы кабарлады.

Компаниянын сайты билдиргендей, жаңы Mi TV LUX Transparent Edition ушул жекшемби күнү расмий түрдө 49,999 юань (7,200 доллар) баада сатыла баштайт.

“Өчүрүлгөндө, аппараттын экраны диагоналы 55 дюйм жана калыңдыгы 5,7 мм болгон айнек панель. Күйгүзүлгөндө, телевизор абада калкып жаткандай сезилет «, — деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы өнүмдү Кытайдан гана сатып алууга болот. Xiaomi мындай сыналгы үйдө гана эмес, музейлерде, галереяларда, соода борборлорунда кеңири колдонула тургандыгын белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>