Яндекс Go Бишкекте сервиске кошулган автоунаалар үчүн дезинфекциялоочу жай уюштурду — видео

Яндекс Go Бишкекте сервиске кошулган автоунаалар үчүн дезинфекциялоочу жай уюштурду — видео

Бишкекте Яндекс Go сервисинин өнөктөштөрүнүн айдоочулары автоунааларын акысыз түрдө дезинфекциядан өткөрө ала турган атайын жай ачылды. Дезинфекция автоунаанын ичи-тышындагы вирустардын көбүн өлтүрөт жана алардын андан ары жайылышына жол бербейт.

Платформага кошулган ар бир айдоочу кайсы тарифте иштегенине карабастан, канча жолу туура көрсө, ошончо жолу дезинфекциядан акысыз өтө алат. Бул үчүн автоунаа менен дезинфекциялоочу жайга барыш керек, ал жактагы кызматкер унаанын базада бар-жогун текшерет. Ошондой эле, айдоочулар телефон аркылуу белгилүү бир убакытка жазыла алышат.

Дезинфекциялоочу жай иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Дезинфекция сапаттуу тазалоочу каражаттар менен эки этапта өткөрүлөт жана болжол менен беш мүнөт убакытты алат. Автоунаанын панели, рулу, эшик туткалары жана башка жерлери тазаланат. Дезинфекцияга кеткен чыгымдарды толугу менен Яндекс Go төлөп берет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>