Ырчы Анжелика жол кырсыгына кабылып, операция жасалды

Ырчы Анжелика жол кырсыгына кабылып, операция жасалды

Ырчы Анжелика жол кырсыгына кабылып, операция жасалды. Бул тууралуу super.kg маалымат порталы жазды.

Ага ылайык, Автокырсыкка кабылган ырчы Анжеликага тез арада операция жасалган.

«Ырчы кечээ, 23-январда кечинде саат 21:00-22:00 аралыгында ооруканага келип түшкөн. Бүгүн эртең менен тез арада анын омурткаларына операция жасалды. Операцияны Сабырбек Жумабеков жасады. Учурда ырчы наркоздон ойгоно элек», — деп билдиришкен Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун маалымат кызматынан.

Буга чейин ырчы Анжелика Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен өзү жана 5 жаштагы кызы жаракат алганы кабарланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>