Ырчы Бегиш “Ата Мекен” партиясына ырын колдонууга уруксаат берген эмес

Ырчы Бегиш “Ата Мекен” партиясына ырын колдонууга уруксаат берген эмес

Ырчы Бегиш өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына “Ата Мекен” партиясынын ролигине колдонулган ырына уруксаат бербегенин жазып чыкты.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Бегиш/Begish ?? (@begishzbp)

“Ата Мекен” партиясы ырчынын “Теке” деген ырына ролик тартып, социалдык тармактарга жүктөгөн.

«Ата Мекен» партиясы бул боюнча Kaktus.media‘га комментарий берди.

«Ролик мурда эле тартылган, бирок биз аны жарыялай элек болчубуз, анткени уруксатты күтүп жатканбыз. Ырдын эки автору бар — Бегиш менен Баястан. Биз Бегиш менен байланыша алган жокпуз, анткени ал өлкөдө эмес экен. Бизге уруксатты Баястан берди. Ал офиске келип, уруксат бергенин кат жүзүндө жазып кеткен. Биз автордун жазуу түрүндөгу уруксатын алгандан кийин гана юристтер менен кеңешип роликти чыгардык. Анда бардык данныйлар берилген, БШК бекитип берген шайлоо фондунан акчасы төлөнгөн», — деп партиядан билдиришти.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>