Ыргал Кадыралиева үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн шайлоодон четтетилди

Ыргал Кадыралиева үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн шайлоодон четтетилди

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынында бир катар чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан билдиришти.

«Азия-Ньюс» гезити тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы, тактап айтканда, Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты жана «Ынтымак» партиясынын лидери Марлен Маматалиевдин маеги үгүт материалы деп табылып, гезитке жазуу жүзүндө эскертүү берилди.

КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү «Эмгек», «Ынтымак» жана «НДПК» саясий партияларынан айрым талапкерлерге БШК  бир эле учурда саясий партиянын мүчөсү болуп жаткандыгына нааразы болду. Даттанууда айрым талапкерлер КСДП партиясынын мүчөсү болуп туруп, башка партиялардын курамында шайлоого аттанып жатканы айтылган.

Арыз ээси тарабынан берилген кошумча материалдарды кароонун натыйжалары боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы «Эмгек» партиясынан талапкерлер А.Мамбетова жана М.Токтоналиеванын талапкерлигин каттоодон баш тартуу чечимин чыгарды.

«Ак-Бата» конушунда Нариман Түлеев менен Ыргал Кадыралиеванын катышуусунда жашоочулар арасында футболдук мелдеш уютурулуп, тамак-аш бекер таратылгандыгы тууралуу ЖМКларда видео тараган. Бул үчүн комиссия партияга жазуу жүзүндө эскертүү берип, Ыргал Кадыралиеваны жарыштан четтетти.

Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>