Үрөй учурган окуя: 3 адам каза тапты

Үрөй учурган окуя: 3 адам каза тапты

Баткен облусунун Кадамжай районунда жол кырсыктан 3 адам көз жумду, дагы бири жабыр тартты. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты.

Ош—Баткен—Исфана жолунун 135-чакырымында «Daewoo Tico» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, сайга оодарылып кеткен. Ошол жерден 3 эркек мүрт кетип (азыр аттары такталып жатыптыр), 1996-жылы туулган жаран жаракат алган.

Атайын кызматка кабар  жетээр замат, 3 кишиден турган топ унаадан сөөктөрдү чыгарып, милицияга өткөрүп беришкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>